• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Таштандыдагы бюллетендер боюнча БШК түшүндүрмө берди

11 Чын куран 2021 13:58 Бишкек Govori.TV

Таштанды челекке ыргытылган бюллетендер жөнүндө маалымат каражаттарында жарыялаган тасмасындагы добуш берүү кагаздары — тесттик бюллетендер экенин Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Ага ылайык, бул бюллетендер автоматтык эсептегич үкөктөрдүн ишин текшерүү үчүн колдонулган. Бул тууралуу Бишкектеги №1054 шайлоо участогунун төрагасынын түшүндүрмөсү да алынган. Түшүндүрмөдө 44 бюллетень референдум боюнча, 50сү шаардык кеңешке шайлоо боюнча, жалпы 94 бюллетень таштанды челекке ыргытылганы жазылган.

БШКнын маалымдашынча, тесттик бюллетендер добуш берүү бюллетени болуп эсептелбейт жана шайлоо документтерине да кирбейт. Ал эми добуш берүү бюллетени шайлоо документи болуп эсептелет. Бюллетенди уруксатсыз жарактан чыгаруу жана башка максатта пайдалануу — добуштарды бурмалоо аракети катары кылмыш жоопкерчилигине жатат, мыйзам менен жазаланат.

Буга чейин интернетте байкоочулар Бишкектеги №1054 шайлоо участогундагы таштанды челекке добуш берүү бюллетендери ыргытылганы тууралуу тасма жарыялашкан.

Количество просмотров: 52