• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Таштанды челектерден бөтөлкө чогулткан балага жардам берүүнү каалагандар көбөйдү

19 Чын куран 202312:39 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда таштанды челектерден желим бөтөлкө чогулткан баланын видеосу тарады.

Мобилограф Алтын Исаков видео коомчулукта кеңири резонанс жаратканын айтып, балага жардам берүүнү каалагандар аны издеп жатышканын айтты.

«Азизбекти таптык, ал беш жашта. Бала Бишкекте темир жол вокзалына жакын жерде апасы жана эжеси менен шарты жок кичинекей бөлмөдө жашайт. Жардам берүүнү каалагандар бул жакка келсе болот»,-деди Исаков.

Ал эми аталган дарекке бара албагандар үчүн Алтын Исаков өзүнүн электрондук капчыгынын 0505970211 номери менен бөлүштү.

Количество просмотров: 289