Учурда эски таштанды таштоочу жайды рекультивациялоо жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев билдирди.

«Бүгүнкү күндө таштанды талаасында түтүндү жоготуу иш-чаралары жүрүп жатат. Жумуштун активдүү жүрүшүнө ыктыярчылар дагы көмөк көрсөтүүдө. Мындан улам Бишкек санитардык полигонунда 95 пайызга түтүн маселеси чечилип, анын көлөмү кескин түрдө азайды. Чех компаниясы таштанды талаасында жумуш алып барууда. Алар заманбап техникаларын үлгү катары көрсөтүп, жер астындагы газдардын топтолушун ачыкка чыгарып көрсөтүшүүдө. Ошондой эле таштанды иргөөчү ишкана куруу алдында турабыз. Завод ишке кирсе ушундай түтөгөн көрүнүш жокко чыкмак»,-дейт вице мэр.
Шамыралиев таштанды иргөөчү ишкана курула турганын кошумчалады. Курулуш иштери бир жарым жылда аяктайт.
Ошол эле учурда жаңы таштанды полигонун куруу иштери жанданганы белгилүү болду. Жаңы полигон эскиден 500 метр алыс аралыкта жайгашып, аянты 12 гектар.

«Бул жерге геомембрана төшөлдү. Үстүнөн геотекстиль жабылат. Аталган жабдыктар саркынды суулардын жер алдына өтүп кетпешин камсыз кылат. Жаңы полигонду куруу Covid-19 учурунда токтоп калган. Иш 2022-жылы кайра жанданды. 30-40 жылга чейин колдонуу пландалууда»,-деди полигондун башчысы Нурлан Жумалиев.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарына таштанды иштеткен заводду Чехиянын ReGreen s.r.o компаниясы кура турган болду. Завод курууга сарптала турган 45 млн долларды Чехиянын компаниясы бөлөт. Мэр Абдыкадыров салынган инвестиция 15 жылда өзүн актай турганын айтканы бар.
Таштанды талаасынын маселеси чечилбей келе жатканына дээрлик 9 жылдын жүзү болду. Полигон толугу менен 2019-жылы бүтүрүлүшү керек болчу. Деген менен куруу иштеринин мөөнөтү 3 жолу жылдырылып, 2022-жылга калтырылган.