Бишкекте таштандыны туш келди ыргыткандарга айып салынды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Бобулов-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде белгиленбеген жерге күл чыгаргандыгы үчүн Б.Т. Жолдошевге карата протокол түзүлүп, 7 миң 500 сом айып салынды.
Мындан тышкары, Рыскулов-Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде күл чыгаргандыгы үчүн Ш.А. Жусуповго протокол түзүлгөн.
Белгилей кетсек, КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесине ылайык, таштандыларды туура эмес жерге таштоо жана өрттөө үчүн эсептик көрсөткүчтүн 55тен 230га чейинки (5 миң 500дөн 23 миң сомго чейин) өлчөмүндө айып пул каралган.
Бишкек мэриясы жарандардан шаар аймагында тазалыкты жана тартипти сактоону суранат. Инспекциянын иши боюнча суроолор болсо төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: