• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Тасмадагыдай унаалар… Жапаров дүйнөнү кыдырып жүргөн туристтер менен жолукту

27 Кулжа 2023 17:07 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында дүйнөнү кыдырып жүргөн белгилүү туристтердин тобу менен Соң-Көлдө жолукту.

Өз сөзүндө Жапаров дүйнөнүн туш тарабынан келген туристтер Кыргызстандын керемет жерлерин акысыз жарнама кылып берээрин, аны менен туризм тармагы өнүгөөрүн билдирди.

“Ушундай коноктордун Кыргызстанга келип, тоолуу аймактарыбызды, жайлоолорубузду, керемет жерлерибизди көрүп бүт дүйнө жүзүнө таанытат. Муну менен чоң жарнама кылып берип жатат, биз өзүбүздүн меймандостугубузду көрсөтүшүбүз керек”, — деди ал.

Белгилей кетсек, бул туристтер жөнөкөй туристтерден эмес. Алар дүйнөгө белгилүү ишкерлер жана инвестиция салууга кызыкдар адамдар.

Кошумчалай кетсек, алар белгилүү “Кутурган Макс” (“Безумный Макс”) тасмасынын стилиндеги унаалар боюнча MadWay Rally жарышын Кыргызстанда өткөрөт.

Количество просмотров: 155