Бишкек.26.08.2019.Govori.TV.
Белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын 75 жылдыгына карата жакынкы күндөрү Бишкек шаарында кино жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен кабарлашты.
Маалым болгондой, кино жумалыкта актриса тартылган тасмалар көрсөтүлүп, эскерүү иш-чарасы уюштурулат. «Ак Мөөр», «Кызыл алма», «Уркуя», «Саманчынын жолу» тасмаларда роль жараткан актриса, 1981-жылы 21-декабрда каза болгон.