• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тазабек Икрамов: Арстан Алайдын билдирүүсүнө чара көрүш керек

24 Тогуздун айы 2019 11:13 Бишкек Govori.TV

Арстан Алай менен анын тарапташтарынын  «Кудаймын» деген билдирүүсүнө Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссия тезинен чара көрүшү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бүгүн, 24-октябрда билдирди.

«Мен Кудаймын» деп чыгып, «Кудай жок» деп маалымат  жыйын уюштуруп  жатат. Буга байланыштуу Дин иштери боюнча агенттик тез аранын ичинде чара көрүшү керек. Эмне үчүн даваатка тыюу салынат да, ушуга окшогон кишилерге чара көрүлбөйт?,-деди Икрамов.

Эске салсак, Арстанбек Абдылдаев буга чейин Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, өзүн «Кудай» деп жарыялаган. Ал Арстан Алай деген ат менен да белгилүү. 2011-2017-жылкы президенттик шайлоого катышкан. Кеңири коомчулукка «Зима не будет» («Кыш болбойт») деген сөздөрү менен таанылып, ал Интернетте кызуу талкуу жараткан.

Количество просмотров: 125