• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Тазабек Икрамовдун жалпы өмүр баянындагы жазуулар 20 жылга чыкпайт

15 Үчтүн айы 201915:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.01.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» наамын алды. Дене тарбия жана спорт институтунун Жалал-Абаддагы филиалында 1998-2000-жылдары окутуучу болуп иштеген Тазабек Икрамовдун бул сыйлыгы коомдо талкуу жаратты.

Тазабек Икрамов коомдо талаш-тартыш жараткан бир топ чакырыктары менен белгилүү.

Эл өкүлдөрүн элдер таанышы үчүн KG-номерлерди кайтарып берүүнү сунуштаган.

 Эл өкүлүнүн  “Жолдон чайпалып өткөндөр тыгын жаратууда” деген пикири дагы эл арасында кызуу талкуу жараткан.

Тазабек Икрамов жума намазга делген убакытты узартууну эки жолу сунуштаган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистин жакалап, инспекторго тап берген айдоочусунун видеосуна өзүнүн дагы кошулуп калганына нааразы болуп, журналистти «келесоо» деп  атаган  жайы бар.

Эске салсак, инистрликтин тармактык наамдарды ыйгаруу боюнча жобосуна ылайык ал 20 жылдык үзгүлтүксүз стажысы бар, билим берүүгө өзгөчө салым кошкон педагогго ыйгарылат.

Тазабек Икрамовдун жалпы өмүр баянындагы жазуулар 20 жылга чыкпайт.

Количество просмотров: 25