• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Тазалык» Октябрь районундагы таштанды челектерин жаңылоодо

15 Кулжа 2023 10:52 Бишкек Govori.TV

«Тазалык» муниципалдык ишканасы Октябрь районундагы таштанды челектерин, аянтчаларды жаңылоодо.

Эскерте кетсек, 14-июндан тарта аталган аймакты “Тазалык” ишканасы тейлей баштаган,, анткени буга чейин аталган аймакты тейлеген “БишкекВторРесурс” ишканасы өз милдеттерин аткарбай, келишим токтотулган.

Мэриядан билдиришкендей, акыркы окуяларга байланыштуу муниципалдык менчикти өткөрүп берүү актысы боюнча комиссиялык негизде иш жүргүзүлүүдө, тагырагы таштанды челектерин инвентаризациялоо иштери жүрүп жатат.

“Тазалык” ишканасынын кызматкерлери таштанды чыгаруудан тышкары контейнерлерди, аянтчаларды сырдап, жууп, оңдошот. Таштанды аянтчалары ачык жашыл өңдөргө боёлот.

Количество просмотров: 55