• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Тазалыктын» кызматкери көз жумду

23 Жетинин айы 2020 10:30 Бишкек Govori.TV

Кочкор районунун тургуну, санжырачы Султанбеков Мурат Алдаярович узак оорудан кийин кайтыш болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мурат Султанбеков 1962-жылы Кочкор районундагы Кош Дөбө айыл аймагында төрөлгөн. Анын артында 5 кыз, 3 уулу калды. Кенже баласы мектепке бара элек.

Мурат Султанбеков көп жылдан бери Бишкек шаарындагы «Тазалык» муниципалдык ишканасында эмгектенип келген. Учурда жубайы Атыркүл, улуу кызы Тумар дагы ушул ишканада иштейт.

Жакындарынын айтымында, Мурат Султанбековду эки жыл мурда таштанды салуучу челекти чачып жаткан үй-жайсыз адам «таштандыны чачпа» деген сөзү үчүн таш менен башка чаап жиберген. Ошол окуядан улам Султанбеков ооруга чалдыккан, оору менен эки жыл алышып жүрүп, кайтыш болду.

Мурат Султанбеков Бишкек шаарында жерге берилет.

Количество просмотров: 3742