• Жума 12 Кулжа 2026
  • Пятница 12 Июнь 2026

«Тазалыктын» мурдагы жетекчиси мамлекетке 5,1 миллион сом төлөп берди

28 Жалган куран 202317:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын мурдагы директору болуп иштеген Рыспек Сарпашев 5 млн 167,5 миң сом зыяндын ордун толтурган.

Белгилей кетсек, Биринчи май райондук сотун Сарпашевдин бөгөт чарасын карап, аны 2023-жылдын 9-апрелине чейин үй камагына алынган.

Эскерте кетсек, УКМК тарабынан Рыспек Сарпашев кармалып, ага карата ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 589