• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Тажибаев: Кумтөрдө иш таштоо демилгесин көтөргөндөр бар

21 Бугу 2021 17:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тоо-металлургчулар кесиптик кошууну Кумтөр алтын кенинде айрым күчтөр иш таштоо тууралуу демилге көтөрүп жатканы тууралуу маалымат таратты.

«Айрым күчтөр эмгек жамаатын манипуляция ылып, алтын кенде иш таштоо уюштурууну демилгелеп жатат. «Кумтөр голд» компаниясынын кесиптик кошуунунун жетекчиси Калысбек Рыспаев жумушчулар арасында айлык-акы азайышы, кечигиши мүмкүн деген сөздөр активдүү талкууланып жатканын, бул сөздөр кимдер тарабынан таратылып жатканы азырынча белгисиз экенин айтты», — деп билдирди Тоо-металлургчулар кесиптик кошуунунун жетекчиси Элдар Тажибаев.

Ал өндүрүштүн токтошу Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келерин белгиледи.

«Кумтөр голд» компаниясына тыштан башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөрдө иштеп жаткан жумушчулар иш таштайт деген маалыматты четке какты.

Бөлтүрүктүн ырасташынча, жумушчулар убактылуу тыштан башкарууну колдоп жатат. Айлык өз убагында, мурдагыдай төлөнүп берилип турат. Бөлтүрүк атайын кызматтын, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жеринде иштеп жатканын, өзгөчө абал учурунда иш таштаган жумушчулар мыйзам алдында катуу жазаланарын эскертти.

Булак: Азаттык.

Теги:
Количество просмотров: 1968