• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Тажик мигранттары Түштүк Кореяда айыл чарба жумуштарында иштөөгө мүмкүндүк алышты

17 Жалган куран 2023 14:08 Бишкек Govori.TV

16-мартта «Душанбе-Моторс» компаниясы жыл сайын Түштүк Кореяга 3 минден 10 миңге чейин тажик эмгек мигранттарын жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.

Компания негизинен Түштүк Кореядан ар түрдүү бренддеги автоунааларды ташуу менен алектенет.

Компаниянын директору Ли Хвансу тажик мигранттарынын алгачкы тобу быйыл апрелде жолго чыгарын кабарлады.

«Түштүк Корея жумуш күчүнө муктаж. Тажикстанда кишилер маянанын аздыгына нааразы. Ошондуктан биз каалоочуларды Түштүк Кореяда иштөө үчүн жөнөтөбүз», — деди ал.

Ли Хвансу Тажикстан менен Түштүк Корея бийлиги тажик мигранттарын чыгыш-азия өлкөсүнө иш үчүн жөнөтүүгө макулдашканын белгиледи.

Тажикстандыктар Түштүк Кореяда жарым жылдан иштешет. Миграциялык мыйзамдар сакталган учурда кайрадан иштеп келүүгө мүмкүндүк бар.

Маалыматка караганда, тажикстандык жарандар айыл чарба багытындагы жумуштарда иштешет. Талапкерлерди түштүк кореялык иш берүүчүлөр тандашат.

Тандалган талапкерлер Түштүк Кореяга барардан мурун эки апталык даярдоо курсунан өтүшөт.

Түштүк Кореяда расмий түрдө 5 миңден ашуун тажикстандык иштейт. Samsung менен Hyundai сыяктуу белгилүү компанияларда жумушка орношкон тажик жарандары да бар.

Количество просмотров: 94