• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тажик тарап Сай жергесиндеги көпүрөнү ачып, кошумча тартылган аскер кызматкерлерин кайтарды

8 Бирдин айы 2018 18:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 08.02.2018. Govori.TV
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тажик тарап Сай жергесиндеги көпүрөнү ачып, кошумча тартылган аскер кызматкерлери кайра кетишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

Көпүрө ачылганы менен «Кайрагач» жана «Кулунду» өткөрмө бекеттери жабык бойдон турат.
Тажикстан 8-февраль күнү кыргыз-тажик чек арасын убактылуу жапкан. Билдирмеге караганда, «Кулунду» жана «Кайрагач» өткөрүү бекеттеринен адамдардын, транспорт каражаттары жана жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө тыюу салынды.
«Тажик тарап Сай айылындагы көпүрөнү жаап, ал жердеги чек арачыларын көбөйттү. Ага чейин Сада айылында көпүрө курулган. Аталган айылдын тургундары Сада каналы аркылуу өтүүчү бул көпүрөнү мектеп окуучуларынын ыңгайы үчүн орнотушкан. Жергиликтүү тургундар тажик чек арачылары кыргызстандык окуучулардын өтүшүнө тоскоолдук жаратып жатканын айтууда», деп айтылган эле Чек ара кызматы буга чейин тараткан маалыматта.
Количество просмотров: 12