• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Тажик тарапка багынып, жоокерлерине убакыт алып берди деген аскер тирүү экени айтылды

23 Аяк оона 2022 16:58 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын чек арасында Тажикстанга басып киргенде кыргыз аскерин тажиктер кармап калганы тууралуу видео интернетке тараган.

Видеодогу жоокер каза болгон Гүлжигит Бектенов экенин айрым маалымат каражататры анын жакындарынын маалыматына таянуу менен жазышкан.

«Бектенов кол алдындагы аскерлерди кетүүгө буйрук берип, өзү тажик аскерлеринин курчоосунда калган. Багынганга мажбур болгон жоокер артка кайтарган аскерлерине ар кандай айла-амалдарды жасоо менен чегинүү үчүн убакыт берген», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, видеодогу жоокер Бектенов эмес, 27 жаштагы Адилет Санарбек уулу болгон. Маалыматтарга ылайык, аскер кызматкерлери тажиктер тарабынан кармалып, 19-сентябрда Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.

«Азыр ал Баткен облусунда», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 2468