Бишкек. 15.03.2019. Govori.TV.
13-мартта кыргыз-тажик чек арасында эки тараптын ортосунда чыр чыккан. Чырдын чыгуусуна Ворух анклавындагы унаа жолунун курулушу себеп болгон. Анын кесепетинен бир нече адам жабыркап, көз жумгандары бар деп айтылууда.
Окуя тууралуу интернетке тажик жараны билдирүү таратып, ал элди тынчтыкка чакырды. Эки мамлекет кылымдар бою ынтымакта өмүр сүргөнүн кошумчалап, “Биз согушту каалабайбыз” деп билдирди.
Эске салсак, учурда абал туруктуу экени маалымдалган. Эки мамлекеттин вице-премьер-министрлери жолугуп, алгач элди тынчтандыруу керек экенин айтышкан.