2019-жылдын 1-ноябрында буга чейин Тажикистан Республикасынын аймагында кармалган Кыргызстандын жараны Асылбек Каримов мекенине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Эске салсак, кечээ 31-октябрда Кыргызстан менен Тажикистандын компетенттүү органдарынын жана ошондой эле Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, анын жүрүшүндө КР жаранын мекенине кайтарып берүү маселеси да козгоолгон.
Жыйынтыгында КР жараны А.Каримов Тажикистан Республикасынын чек ара мыйзамын бузгандыгы үчүн салынган айыптан куткарылып, 1-ноябрь күнү Кр чек ара кызматкерлеринин колуна өткөрүлүп берилген.
Учурда ал туугандарына берилди.