• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Тажикстан Азия өнүктүрүү банкынан $364 млн. насыя сурады

8 Теке 2020 16:36 Бишкек Govori.TV

Коронавирус пандемиясынан улам Тажикстандын экономикасы форс-мажордук абалга кептелип, каражатка муктаж болуп турат. Бул тууралуу тажик өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри Давлатали Саиддин Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масацугу Асакаванын атына жолдогон катында жазылган.

«Тажик өкмөтү коронавирустун экономикалык блокко тийгизе турган кесепетин азайтуу боюнча программа иштеп чыкты. Аны ишке ашыруу үчүн 364 миллион доллар керектелет. Эгер насыя берсеңиздер анын 176,5 миллион доллары саламаттык сактоо тармагына жана калктын аяр катмарын колдоого жумшалат. Калган 187,5 миллиону азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, кичи жана орто бизнеске жардам берүүгө бөлүнөт», — деп жазылган вице-премьердин катында.

Давлатали Саиддин айтымында, коронавирус пандемиясынан улам жыл аягына чейин Тажикстанда жумушсуздук деңгээли 6,1% жогорулап, ишсиз калгандардын саны 100 миңге чейин жетиши мүмкүн. Мындан тышкары өлкө экономикасы баштапкы божомолдогудай 7,5% эмес, 2,4% гана өсөт.

Вице-премьер Масацугу Асакавага жазган катында коронавирустан улам Тажикстан ички дүң өнүмүнүн 20% жоготушу мүмкүндүгүн белгилеген.

Өткөн айда Душанбе менен Азия өнүктүрүү банкы пандемия шартында Тажикстанга жардам катары 50 миллион доллар грант берүү боюнча макулдашууга кол койгон. 6-июлда АӨБ 30 миллион доллар өлчөмүндөгү грантты жактырган. Ал Тажикстанда жаштардын, аялдардын жана эмгек мигранттардын квалификациясын жогорулатууга жумшалары кабарланган.

Өткөн айда Эл аралык валюта фонду Тажикстандын мамлекеттик бюджетин колдоо үчүн 189,5 миллион доллар берилерин билдирген. Ага чейин Дүйнөлүк банк Тажикстанга 11,3 миллион доллар өлчөмүндө грант берген.

Количество просмотров: 68