• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Тажикстан коңшу өлкөлөргө канча электр энергиясы экспорттолуп жатканын айтты

14 Бирдин айы 2023 15:35 Бишкек Govori.TV

Тажикстан 2022-жылы коңшу мамлекеттерге 106 миллион долларга электр энергиясын экспорттогон. Бул тууралуу өлкөнүн Статистика боюнча агенттигинин башчысы Жамшед Нурмухаммадзода 14-февралда басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы Ооганстанга 1,7 млрд. кВт/саат, Өзбекстанга 1,6 млрд. кВт/саат электр энергиясы сатылган. Мындан тышкары башка өлкөлөргө да аз көлөмдө экспорттолгон. Бирок Нурмухаммадзода алар боюнча так маалыматтарды айткан жок.

30-январда Тажикстандын энергетика министри менен «Барки Точик» холдингинин башчысы Ооганстанга жана Өзбекстанга экспорттолуп жаткан электр энергиясы боюнча маалыматтарды берүүдөн баш тартышкан. Ошондой эле алар Ооганстандын энергетикалык Da Afghanistan Breshna Sherkat (DABS) компаниясы электр кубаты үчүн Тажикстанга канча карыз экенин да айткан эмес.

Тажикстанда электр энергиясын экспорттоо маселеси дайыма талаш-тартыш жаратып келген. Айрым тургундар мамлекет алгач өз жарандарын жарык менен камсыз кылып, андан кийин гана башка өлкөлөргө сатышы керектигин айтса, бийлик сыртка ашыкча электр энергиясы гана экспорттолуп жатканын айтып келет.

Тажикстанда 1-февралдан бери калкка электр энергиясын берүүдө чектөөлөр киргизилген. 13-февралда «Барки Точик» холдинги чектөөлөрдүн узактыгы аба ырайына жана Вахш дарыясындагы суу-энергетикалык режимдин турукташуусуна жараша болорун билдирген.

Количество просмотров: 1068