1-декабрдан 6-декабрга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын эки республиканын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Баткен шаарында өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жалпы узундугу 17,66 км болгон кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасын аяктап, ишти улантуу максатында 2023-жылга карата жолугушуулардын графигин макулдашышты.
Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү таризинде өттү
Тараптардын кийинки жолугушуусу Тажикстан Республикасынын аймагында өтөт.