Тажикстандын командасы менен оюн талаасына чыга турган КР футболчуларынын тизмеси жарыяланды. Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин чечими менен Футбол федерациясы тааныштырды.
Белгилей кетсек, 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы матч Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20.00дө башталат.
Команданын курамы өткөн жумада Япония командасы менен чыккандай эле. Крестинин дарбазачынын гана өзгөртүп, бүгүн Кутмат Кадырбековдун ордуна Павел Матяш чыкмакчы.
