• Шаршемби 22 Бугу 2024
  • Среда 22 Май 2024

Тажикстан сулуусу «Miss Tourism World» сынагында жарым жылаңач чыгуудан баш тартты

9 Тогуздун айы 2019 10:56 Бишкек Govori.TV

 «Тажикстан сулуусу» сынагынын жеңүүчүсү Сабрина Зухурова «Miss Tourism World» сынагында ачык кийим (бикини) кийип чыгуудан баш тартты. Бул тууралуу «Азия плюс» басылмасы жазып чыкты.

Сабрина Зухурова «Miss Tourism World» сулуулар сынагынын бир нече этабынан өтүп, эң мыкты 5 катышуучунун тизмесине кошулган. Бирок ал бикини менен бийлөөдөн баш тартып, калыстар анын 50 упайын алып коюшкан.

«Бикини менен чыгуудан баш тарттым. Мага таажы эмес, намыс кымбат. Түз эфирде Тажикстандын сулуусу бикини менен чыгуудан баш тартканын айтканда баары таң калып калышты. Бирок мен сыймыктандым», — деди Сабрина.

Сабринанын айтымында, ал ачык кийим менен бийлей турганын билбей, улуттук бий даярдап барган.

«Биз калыстардын алдына боёнбой, чачыбызды жасабай чыгышыбыз керек болчу. Эң мыкты 5 кыздын арасына кирүүгө үмүттөнүп жаткам, жыйынтыгында тизмеге кирдим», — деп кошумчалады Сабрина.

Кытайда өтүп жаткан «Miss Tourism World» 20-августта башталган. Сынакка дүйнөнүн 90 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышууда. Ал эми финал эртең, 10-октябрда өтөт.

Сабрина бул сынакка кокустан катышып калган. Уюштуруучулар аны социалдык тармактан көрүп калып, сынакка чакырышкан. Жыйынтыгында Сабрина Тажикстандын атынан катышууга макул болгон.

Ал 1995-жылы 13-октябрда төрөлгөн. Буга чейин Ташкенттеги «Miss Union» сынагында 1-орунду алса, башка сулуулар сынактарында ар кандай наамдарга ээ болгон.

Булак: АКИ пресс.

Количество просмотров: 621