• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Тажикстанда белгилүү дин кызматчысы камалды

16 Жетинин айы 2020 11:48 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда салафиттердин бейрасмий лидери катары таанымал белгилүү дин кызматчысы Сирожиддин Эшони (Сирожиддин Абдурахманов) камалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы анын туугандарынын бирине шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, дин кызматчысы Душанбе шаарынын Зарафшон маалесиндеги үйүнөн күч органдарынын өкүлдөрү кармап кеткен. Анын компьютери жана диний китептери конфискацияланган.

Азырынча Сирожиддин Эшонинин эмне себептен камалганы белгисиз. Шаардык милиция бул кабарды бышыктап да, төгүнгө да чыгара элек. «Азаттыктын» тажик кызматы дин кызматчысы менен кошо анын бир канча шакирти кармалганын жазды.

Сирожиддин Эшони 2009-жылы камалып, жети жылга эркинен ажыратылган. Анда ага «улуттук, расалык жана диний кастыкты козуткан» деген айып тагылган. Ал абактан 2013-жылы мунапыс менен бошотулган.

Былтыр апрелде Сирожиддин Эшони видеокайрылуу жасап, бийликтин мобилдик Интернетти кымбаттатканын кубаттаган жана Интернетти «кылымдын оорусу» деп атаган. Ошол эле маалда ал Интернетти такай колдонот жана соңку кездери «Ютуб» каналы аркылуу колдонуучулардын дин тууралуу суроолоруна жооп берип келген.

Количество просмотров: 169