• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Тажикстанда белгилүү ырчы жол кырсыгынан каза болду

8 Бирдин айы 2022 9:25 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Ички иштер министрлиги жол кырсыгынан кайтыш болгон таанымал ырчы, 33 жаштагы Дамирбек Олимов тууралуу расмий маалымат жарыялады.

Маалыматка ылайык, Honda CRV үлгүсүндөгү автонунааны башкарып келе жаткан Олимов Дамирбек “Хожент-Сомгор” таш жолу менен келе жатып, жолдон чыгып кеткен. Унаа бир нече жолу оодарылган. Автоунаанын ээси, ырчы Олимов Дамирбек ошол жерде кайтыш болгон. Окуя 5-февралда, түн оогондо болгон. Ал күнү ырчы тойдон кайтып келе жаткан.

Дамирбек Олимов убагында «Нури Хожент» тобунун ырчысы болгон. Ал өзүн СССРдин Эл артисти Журабек Муродовдун шакиртимин деп эсептеген. Мартта жеке концертин берүүгө даярданып жүргөн.

Дамирбек Олимов 1989-жылы 20-мартта Согди облусунда жарык дүйнөгө келген. Артында аялы менен үч баласы калды.

Количество просмотров: 453