• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Тажикстанда бийликти укпаганы үчүн иштен алынган дарыгер жаңы кызматка дайындалды

27 Жетинин айы 2020 18:14 Бишкек Govori.TV

Согди облустук ооруканасынын мурдагы башкы дарыгери Собиржон Собиров Хоженттеги Кардиология жана жүрөк-кан тамыр хирургиясы борборунун башкы дарыгери болуп дайындалды. 2-майда ал пневмонияга кабылган бейтаптарды ооруканадан чыгаруудан баш тарткандан кийин кызматтан алынган.

Бул маалыматты Собиров өзү «Азаттыктын» тажик кызматына ырастады. «Кардиологиялык борбордун башкы дарыгери кызматына облус жетекчиси сунуштады. Өзүм кардиолог болгондуктан макул болдум», — деди ал.

Быйыл 2-майда Собиржон Собиров күтүүсүздөн Согди облустук ооруканасынын башкы дарыгери кызматынан алынган. Ал жумуштан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазганын билдирген. Бирок өз булактар башкы дарыгер жергиликтүү бийликти укпай койгондон кийин иштен алынганын билдиришкен. «Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттеринин Тажикстанга болгон сапарынын алдында жергиликтүү бийлик Собировдон бейтаптардын көбүн үйлөрүнө кетирүүнү өтүнүшкөн. Бирок башкы дарыгер буга макул болбой койгондон кийин аны өз каалоосу менен арыз жаздыртып кетиришкен. Ал кеткенден кийин бейтаптардын көбү, анын ичинде дене табы жогору оорулуулар да үйлөрүнө кое берилген», — деген булак.

Согди облусунун бийлиги Собировдун эмне себептен кызматтан алгандыгы боюнча маалымат бербей келет.

Быйыл сентябрда Хоженттеги Кардиология жана жүрөк-кан тамыр хирургиясы борборунун кошумча имараты курулуп бүтүп, анын ачылышына президент Эмомали Рахмон катышкан. Төрт кабаттуу жаңы имараттын курулушуна 5 миллион сомони жумшалып, заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылганы кабарланган.

Количество просмотров: 57