• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тажикстанда ислам сайты менен кызматташкан имам беш жылга соттолду

23 Теке 2021 13:56 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Куляб шаарындагы «Нонвойи Поён» мечитинин имамы Махмадсодик Саидов беш жылга соттолду. Ал быйыл марттын аягында Дин комитети даярдаган жума баяндарды «Ислох» сайтына жөнөтүп турган деген айып менен кармалган.

«Саидов 1-февралдан 4-мартка чейин телефон аркылуу сайттын башкы редактору менен бир нече жолу байланышып, Дин комитети даярдаган жума баяндарды Facebook аркылуу ага жөнөтүп турган. Мындан тышкары ал сайтка Кулябдын жетекчилери жана шаардагы абал тууралуу маалыматтарды да берип турган», — деп жазылган сот өкүмүндө.

«Ислох» өлкөдө тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясына» таандык оппозициялык сайт. Мындан улам диний ишмерге тыюу салынган уюм менен кызматташуу айыбы да тагылган.

Сайттын башкы редактору Мухаммадикбол Садриддин имам алар менен кызматташпаганын билдирүүдө. «Бул жалган, биздин имам менен эч кандай байланышыбыз жок. Бизге жума баяндарды жөнөтүп турган имам башка, ал азыр эркиндикте жүрөт», — деди Садриддин.

Махмадсодик Саидов «Нонвойи Поён» мечитинин имамы болуп 2016-жылы дайындалган.

Расмий маалыматтарга ылайык, быйылкы жылдын алгачкы беш айында «Ислам кайра жаралуу партиясы» менен кызматташуу айыбы менен Кулябдын беш тургуну 5 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөттөргө эрктеринен ажыратылган.

Количество просмотров: 148