• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тажикстанда ондогон «куралдуу ооган жараны» кармалды

9 Кулжа 2023 15:06 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын күч органдары жүргүзгөн операция учурунда ондогон ооган жараны кармалды. Алардын арасында мурдагы аскер кызматкерлери да бар. Бул тууралуу «Озоди» радиосу кабарлады.

Маалыматка караганда, өлкөнүн тиешелүү түзүмдөрү бир жумадан бери Хатлон облусунун Шамсиддин Шохин районундагы шарты оор чек ара аймактарында текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Азырынча тажик бийлигин ооган жарандарынын кармалганы боюнча эч кандай расмий билдирүү жасай элек. Бирок «Озодинин» айрым мамлекеттик органдардагы булактары бул маалыматты ырастап, кармалгандардын жанында курал-жарак болгонун билдиришти.

«Ооганстандын кармалган жарандары Душанбеге жөнөтүлдү. Алар Тажикстандын аймагына качан жана кантип келип калганы так белгисиз», – деген булактардын бири.

2021-жылы августта Ооганстанда бийликке «Талибан» кыймылы келгенден кийин жүздөгөн аскер кызматкерлери, учкучтар, ошондой эле жөнөкөй адамдар коңшу Тажикстан менен Өзбекстандын аймагына өтүп, убактылуу баш калка табышкан. Алардын айрымдары үчүнчү өлкөлөргө чыгып кетсе, бир тобу кайра Ооганстанга кеткен. Калгандары Тажикстандын шаарлары менен аймактарына жайгаштырылган.

Количество просмотров: 149