• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Тажикстанда селден жабыркаган айылдын тургундары бийликтен жардам күтүүдө

29 Бугу 2024 16:19 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Фархор районундагы Сурхоб айылынын 25-майдагы селден жабыркаган тургундары бийликтин жардамына үмүт артып жатышат.

Алардын айтымында, айылдагы үйлөрдүн көбү жарактан чыгып же авариялык абалга кептелген.

«Биз документтерибизди гана алганга жетиштик. Тургундардын көбү качып барып тоо боорундагы далда жерге жайгашты. Эми бийиктиктен талкаланган үйлөрүбүздү карап турабыз. Түнкүсүн клубга жана мечитке барып түнөп жатабыз», – деди Курбонгүл Алихонова аттуу тургун.

Учурда Сухроб айылынын көчөлөрү баткакка жана сел алып келген таштандыга толуп турат. Тургундар жергиликтүү бийликтин көмөгү менен өздөрү табият кырсыгынын кесепеттерин жоюу менен алектенүүдө. Алардын айтымында, азырынча өкмөт жашоочуларга жардам берүүгө шашылган жок.

25-май күнү эртең менен сел айылга төрт тарабынан келип, короо жайларды каптап, жолдорду жууп кеткен. Фархор районунун башчысы Зариф Ализоданын айтымында, бардык калыбына келтирүү иштери райондук акимчиликтин көзөмөлү менен жүрүүдө. Учурда акимчиликтин кызматкерлеринен түзүлгөн атайын топ келтирилген чыгымды аныктоо менен алектенүүдө. Өз кезегинде тургундар жабыркаган калкка жардам берүү үчүн бул иштерди тездетүү керектигин белгилеп жатышат.

Количество просмотров: 160