• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Тажикстанда «жат кийимдерге» тыюу салган мыйзамга кол коюлду

21 Кулжа 202415:26 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон улуттук маданиятка төп келбеген кийимдерди алып кирүүгө, сатууга жана коомдук жайларда кийүүгө тыюу салган «Салттарды жана ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзамда «жат кийимдерге» кандай кийимдер кирери так жазылган эмес. Бирок талдоочулар тажик бийлигинин буга чейинки аракеттерин эске алып, кеп мусулмандардын кийими жөнүндө болуп жатышы мүмкүн деп болжолдоп жатышат.

Мыйзамга ылайык, жогорудагы тыюуларды бузган жеке жактарга 8 миң сомони (700 доллардан ашык), кызмат адамдарына дээрлик 40 миң сомони өлчөмүндө айып салынышы мүмкүн.

Тажик президентинин басма сөз кызматы мыйзам «улуттук маданиятты жана түпкү баалуулуктарды коргоо», «жок нерсеге ишенүүнүн жана майрамдарда ашыкча ысырапкерчиликтин алдын алуу» максатында кабыл алынганын билдирүүдө.

Мыйзамдын долбоорун тажик парламенти коомдук талкууга алып чыкпай туруп кабыл алган.

Количество просмотров: 106