• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Тажикстанда жер титиреп, ал Кыргызстандын аймагында 3 баллга чейин сезилди

3 Тогуздун айы 202311:22 Бишкек Govori.TV

Коңшу өлкөдө катталган жер титирөө Кыргызстандын аймагында 3 баллга чейин сезилди. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-октябрь күнү саат 20:03 чамасында Тажикстандын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Шибээ, Кулчу, Жар-Башы, Карамык, Кара-Тейит, Дароот-Коргон айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 132