• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Тажикстанда журналистке чыккан өкүм өзгөртүүсүз калтырылды

15 Баш оона 2023 9:05 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Согд облустук соту тыюу салынган уюм менен кызматташууга айыпталып жети жылга соттолгон журналист Хуршед Фозиловдун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку сотунун өкүлү 14-августта билдирди.

Анын айтымында, Согд облустук соту Фозиловдун адвокаты берген кассациялык арызды өткөн айда карап, Пенжикент шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Облустук соттун бул чечиминен кийин Хуршед Фозилов тергөө абагынан түрмөгө которулушу мүмкүн.

Азырынча анын адвокаттары бул чечим боюнча Жогорку сотко кайрылар-кайрылбасы белгисиз.

Хуршед Фозилов быйыл мартта «тыюу салынган уюмдар менен кызматташуу» айыбы менен кармалып, 26-майда жети жылга соттолгон.

Акыркы сот отурумдарына катышкан журналисттин агасы Хушбахт Фозилов инисине тагылган айып анын «Ахбор» сайты менен кызматташканына байланыштуу экенин билдирген.

«Хуршед сурак маалында «Ахбор» сайты менен тыюу салына электе кызматташканын айткан. Ага чейин журналист катары анда иштеген журналисттер менен байланышып турчу. Сайттын ишмердүүлүгүнө тыюу салынгандан кийин кызматташуусун токтоткон», – деген агасы.

Пенжикент шаардык соту чыгарган өкүмдө Хуршед Фозилов «Ахбор» сайтынын түзүүчүлөрүнөн акча алганы жазылган. Бирок журналисттин жакындары тергөөчүлөрдүн бул боюнча жетиштүү далили жок экенин билдирип келишет.

Тажикстандын Жогорку соту «Ахбор» (Akhbor.com) сайтына 2020-жылы тыюу салган. Анда сот аталган сайт «террористтик жана экстремисттик уюмдарга кызмат кыларын» билдирген. Сайттын негиздөөчүсү Мирзо Салимпур бул айыптарды четке каккан.

Акыркы бир жылдын ичинде Тажикстанда сегиз журналист жана блогер жети жылдан 21 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолду. Бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде ЕККУ менен Журналисттерди коргоо комитети тажик бийлигин аларга карата чыккан айыптоо өкүмдөрүн жокко чыгарууга жана айыпталуучуларды бошотууга үндөгөн. Бирок Тажикстандын бийлиги мындай чакырыктарга эч кандай реакция кылган эмес.

Количество просмотров: 69