• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Тажикстандагы жер титирөө 5 адамдын өмүрүн кыйды

10 Теке 2021 14:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-июлда Тажикстандын чыгышында болгон жер титирөөнүн кесепетинен 5 адам каза болгонун жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялашты. Анын магнитудасы 5,9 баллга жеткен.

«Авеста» басылмасына Тажикабад районунун төрагасынын биринчи орун басары Зулфикор Рамазонзода билдирген маалымат боюнча, кырсыктан Лангари Шох аймагынын жашоочулары жабыркаган.

Азыркы маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн Бустон аймагында 4 адам, Лангари Шох кыштагында 1 адам каза тапты. Алардын арасында аял киши жана мектеп курагындагы 3 бала бар. Жергиликтүү жашоочулардын турак үйлөрү да жабыркаган.

Количество просмотров: 120