• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташып жүргөндөр кармалды

17 Үчтүн айы 2023 15:08 Бишкек Govori.TV

Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташып жүргөн улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, милиция кызматкерлери баңгизат менен алектенген кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармашты, алардан 12 килограммдан ашык “Гашиш” баңгизаты алынды.

Алар Тажикстандан Кыргызстандын аймагына баңгизатты алып келгенден кийин андан ары сатышмак.

“13-январда Чүй облусунун Сокулук районундагы мечиттердин биринин жанында “Гашиш” (афган чарсы) баңгизатын сатууга аракет кылып жатышкан 1968-жылы туулган Г.К. атуу жаран менен 1964-жылы туулган А.Х. кармалды. Алардын бирөөсү уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөсү катары ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын ыкчам каттоосунда турган.

Атайын жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө скотч менен оролгон, 12 таңгактагы өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү 12 кг 170 граммды түзгөн баңгизат табылып алынган. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, – деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 170