• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Тажикстандын аймагында кармалган кыргызстандык мекенине кайтарылды

11 Үчтүн айы 202215:22 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын аймагында кармалган Кыргызстандын жараны өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-ноябрында Лейлек районундагы Арка-Борбордук жолунун тилкесинен Тажикстандын УКМКсынын кызматкерлери Кыргызстандын 1992-жылы туулган Р. Исмаилова аттуу жаранын кармап кеткен.

«Кармалган жаран 2022-жылдын 10-январында Лейлек районундагы «Кулунду унаа жолу» пункту аркылуу мекенине келди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 119