• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Тажикстандын фуралары кирип жатат деген видео боюнча ОИИБ үн катты

12 Бугу 2021 10:30 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Баткен облусуна Тажикстандын фуралары кирип жатат деген видео тарап, талкууга алынган. Бул окуя боюнча Баткен ОИИБи маалымат таратты.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун кире бериш аймагынан кармалган Тажикстандын 3 фурасы 4 күндөн бери, тагыраак айтканда, 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан кармалып турган.

«11-май күнү кармалган 3 фураны Баткен ОИИБинин унаа токтотуучу жайына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алынып келе жаткан. Кыргыз жарандарынын 7 фурасы Тажик Республикасында кармалып турат. Эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында бул кармалган фуралар Кыргыз жарандарынын тажик аймагында кармалган фураларына алмаштырылат», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 601