• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Тажикстандын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды

31 Үчтүн айы 2020 19:28 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасындагы Тажикстан Республикасынын кайра дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Назирмад Ализодадан Ишеним грамоталардын көчүрмөсүн кабыл алды.


Министр Ч.Айдарбеков элчи Н.Ализоданы Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады жана мындан аркы жемиштүү иштерине ийгиликтерди каалады.


Тараптар кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн багыттарын белгилешти.


Кыргыз-тажик Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы сүйлөшүү процесстерине, ошондой эле 2020-жылга белгиленген иш-чараларга өзгөчө көӊүл бурулду.

Количество просмотров: 99