Бишкек.15.08.2019.Govori.TV.
ИИМ министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үйүн тинткен Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү 2000 доллардан ашыгыраак акча жана сааттарды алып чыгышкан. Бул тууралуу анын жактоочусу кабарлады.
«Үйдөн 2000 доллардан ашыгыраак акча, 1000 сом, 5 жана 10 евро, 5 жана 10 дирхам алып кетишти. Андан тышкары, белекке берилген үч комплект саатты алышты. Анын бири Россиянын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген, экинчисин Тажикстандын президентинин жардамчысынан алган экен» — деди жактоочу.
Жактоочу тергөөчүлөр аз суммадагы акчаны алып кетишкени туура эместигин айтып, себеби, мындай акча күнүмдүк керектөөсүнө жумшайм деген бардык эле үйдө боло турганын кошумчалады.
Эске салсак, Курсан Асанов 7-8-августта ички иштер министринин талаптарына жана буйругуна бир нече ирет баш ийбей жана укугу жок болсо да министрдин макулдугусуз өз алдынча чечим кабыл алган. Андан сырткары, ички иштер органдарынын жеке курамын башкаруусуз калтырган деп айыпталууда.
Асанов «кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти» деген негиз менен 13-августта ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулган.