• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тажикстандын УКМКсы кыргызстандын жаранын кармап кеткени айтылды

11 Жетинин айы 2021 11:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-ноябрда УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын күч органдары тарабынан кармалган жаран тууралуу билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-октябрында Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Лейлек районундагы Сада участкасында Кыргызстандын жараны 1997-жылы туулган Айдарбек Хайдаров кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Хайдаров мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп айыпталууда. Ал Тажикстандын Пахтакор калктуу конушунда кармалган.

«Хайдаровду мекенине кайтарып келүү маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда эки жолу сүйлөшүү жүргөн. Маселе УКМКнын жетекчилигинин көзөмөлүндө, өлкөнүн жаранын мекенине кайтаруу үчүн аракеттер көрүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 165