• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Тажикстандын жарандары Индияга 5,5 кг алтын алып кирүүгө аракет кылышкан

4 Аяк оона 2023 15:21 Бишкек Govori.TV

Индиянын бийлиги Нью-Дели аэропортунда Душанбеден келген эки жүргүнчүдөн 5,5 килограммга жакын алтын табылганын билдирди.

Дели аэропортунун бажы кызматы кабарлагандай, эки жүргүнчү тең кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кармалгандардын аты жөнү айтылган жок. Дели бажысы Х соцтармагындагы баракчасына бир нече алтын куймаларынын сүрөтүн жарыялады.

Душанбеден Делиге каттамдарды «Сомон Эйр» тажик авиакомпаниясы аткарат. Жүргүнчүлөр чоң көлөмдөгү алтынды кантип өздөрү менен кошо учакка алып киргени белгисиз.

2021-жылы Душанбе эл аралык аэропортунда алтын жана чет элдик валютанын аткезчилигине бөгөт коюлган. Кийинчерээк Душанбе соту бул иш боюнча тогуз айыпталуучуну эки жылдан беш жарым жылга чейинки мөөнөткө кескен. Алардын арасында өлкөнүн бажы жана ички иштер органдарынын кызматкерлери да болгон.

Количество просмотров: 94