Бишкек.16.02.2018.Govori.TV
Бишкек ЖЭБди текшерүүгө барган депутаттык комиссия журналисттерден бөлүнүп кетишти. Депутаттар Бишкек ЖЭБдин директоруна журналисттер жана телеоператорлор алардын ишине тоскоолдук жаратып жатышканын айтып, башка жакка бөлүнүп кеткен соң кайрылып кайра келишкен эмес.
Журналисттер депутаттарды издеп таппаган соң тарап кетишти.
Депутаттык комиссия мүчөсү Аида Касымалиева комиссия ишин журналисттер менен биргеликте ачык алпаруу чечимин кабыл алды деп бир жума мурда жарыялаган.
Буга чейин Бишкек ЖЭБге барган депутаттарга ЖЭБ жетекчилиги дасторкон жайып, козу гриль бергени тууралуу маалыматтар тараган.