• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ТЭЦтеги аварияга тиешеси барлар камака алына баштады

3 Жалган куран 2018 20:41 Бишкек Govori.TV

«Электр станциялар» ААКнын төрагасынын орун басары Бердибек Боркоев камака алынды. Бул тууралуу УКМК нын басма-сөз кызматы маалымдады.

“Ыкчам иликтөөлөрдүн жыйынтыгында көп суммадагы акчанын уурдалганы аныкталды. Коррупциялык схемага ар түрдүү фирмалар тартылып, келишимдер түзүлгөн. “Электр станциялары” ААКнын жетекчилери конкурска катышкан фирмалар квалификациялык талаптарга жооп бербегенине карабай, буу казандарды оңдоону тапшырышкан. Фирмалардын эсебине ири суммадагы каражат которушуп, бирок оңдоп-түзөө иштери ТЭЦтин өз күчү менен аткарылган”-деп жазылат УКМК тараткан маалыматта.

ААК айрым жетекчилери казанагрегаттарынын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү боюнча сынакты өткөзүүдө квалификациялык талаптарга шайкеш келбегендигине карабастан, иш аткаруучу мекемелер менен келишим түзүп, алардын эсептерине ири өлчөмдөгү акча каражаттарын которушкан. Ошол эле учурда калыбына келтирүү иштери Бишкек шаарынын ЖЭБинин өздүк күчү менен жүргүзүлгөн.
Бул каражаттар Бишкек ЖЭБинин 2017-2018-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүүсү үчүн каралган.
Бул факты боюнча КР МУКК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1,2 пункттарына (Кызмат абалын пайдалануу менен өзгөчө ири өлчөмдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу), 189-беренесине (Ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу), 221-беренесинин 3-бөлүгүнө (Акцияларынын 30дан ашык пайызы (үлүшү) мамлекетке тиешелүү болгон коммерциялык уюмдагы башкаруу милдетин аткаруучу адам тарабынан коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) жана 350-беренесин 3-бөлүгүнө (Башка кылмышты жаап-жашыруу же жасалган кылмышты жеңилдетүү максатында документтерди колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) ылайык кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш чараларынын алкагында жогоруда айтылган кылмыштарга шектүү катары «Электр станциялар» ААК башкы директорунун мурунку биринчи орун басары Б.Боркоев кармалды
Учурда Боркоев Б. КР МУКК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө жүрүп жатат.

Бердибек Боркоев Сапар Исаковдун сунушу менен  2018-жылдын 16-февралында кызматтан алынган.

Количество просмотров: 34