• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ош базардагы өрттүн чыгымдарын ким төлөп берет? Көк бөрү оюну башталды. Соңку жаңылыктар 15.03.18.

15 Жалган куран 2018 12:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.03.2018.Govori.TV
Ош базардагы өрт 
Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов»Ош базардагы» өрттүн чыгымдарын «Сейтек» базарынын ээси төлөп бериши керектигин айтты.Эл өкүлү өрттүн келип чыгышына себеп болгон адамдар табылбай, базар ээси жоопкерчиликтен сыртта калып жатканына токтолду.»30-январда Бишкектеги «Ош базарынан» өрт чыкты. Бир канча күндөн кийин өрт кайра кайталанды. Өрттөн жабыр тарткан ишкерлер мага арыз менен кайрылды. Алардын айтымында, базардын ээси менен кандайдыр бир талаш-тартыш жаралып ошондон өрт чыгып жатыптыр. Базар болобу, соода түйүндөрү болобу видеокамераларды орнотуу керек. Жабыркагандардын арасында 300 миңден баштап, 1,5 миллион сомго чейин жоготууга учурагандар бар. Алардын салыгын, ижара акысын жана башка төлөмдөрүн төлөп жатышканын иликтеш керек. Эмне үчүн базардын ээси жоопкерчиликке тартылбай жатат? Базарда иштегендер ал жердеги күзөтчүлөргө да акча төлөшөт», — деди Жамалдинов.Белгилей кетсек, 30-январда «Ош базарындагы» «Сейтек» базарынан өрт чыгып, 350 чарчы метр соода аянты күйүп кеткен. Март айынын башында «Ош базарындагы» өрт мурда өрттөнгөн «Сейтек» базарынан экинчи жолу өрт чыккан.
Көк бөрү оюну башталды
Бүгүн 15-мартта Бишкекте Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдеш башталды. Аны Көк бөрү федерациясы Мамлекеттик спорт агенттиги менен биргеликте уюштуруп жатат.Маалыматта «Кыргызстандын биринчилиги үчүн былтыркы оюндарда чемпион аталган “Ынтымак” (Талас облусу) командасы жана ошондой эле “Достук”, “Биримдик-Аю” баштаган 16 команда күч сынашат» -деп жазылат.Байге фондунун алгачкы суммасы 800 миң сом. Мелдештер “Ак-Кула” ат майданында өтүүдө. Жеңүүчүлөр 21-мартта аныкталат.
Фудбол боюнча Мьянмада беттеш өтөт
Футбол боюнча улуттук курама команда Мьянма менен боло турган беттешке даярдык көрүү үчүн Түштүк Кореяга учуп кетти. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясы билдирди.Маалыматка ылайык, кечээ, 14-мартта футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Түштүк Кореяга учуп кеткен. Улуттук курама 2019-жылы өтө турган Азия биринчилигине тандоо турунун алкагында, 22-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө Мьянма курамасы менен Түштүк Кореянын Инчхон шаарындагы «Инчхон» стадионунда беттешет.Эске салсак, 2017-жылдын 5-сентябрында 3-турдун алкагында Бишкекте өтө турган Кыргыз курамасы менен Мьянма беттеши Мьянмадагы саясий кырдаалдан улам токтотулган.

Количество просмотров: 17