• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Журналист Диля Юсупова Исаковдун ордуна премьер-министр болобу? (видео)

31 Үчтүн айы 20189:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.01.2018.Govori.TV

Коомдук ишмер, саясатчы Эдил Байсалов Бишкектеги ТЭЦте авария болуп, ааламатка айланып кете жаздаган төрт күндөгү өкмөттүн көргөн чараларынан адатынча эл байкабаган жакты көрүп, шаардыктар төрт күндөн кийин берилген жылуулук үчүн Сапар Исаковго эмес, журналист Диля Юсуповага рахмат айтыш керек деп фэйсбукка жазып чыкты.

Өкмөт башчы Сапар Исаков кечээ, 30-январда Бишкектиктерге жылуулук берилерин жарыялап, ТЭЦтеги экинчи блок ишке киргенин билдирген. Айрым жарандар өкмөт башчыны мактап эле жатып калышкан. Көрсө, Бишкек ТЭЦиндеги экинчи блокту элди тоңдурбай эле авария болгон ишемби күнү ишке киргизсе болмок экен. Бирок, Сапар Исаков, Айбек Калиев баштаган «жаш технокраддар» экинчи блокту ишке киргизбей элди төрт күн тоңдуруп, жууркан таратып, чатыр тиктирип жаш баланын оюнун кылышыптыр.

Ал эми экинчи блокту ишке киргизүүгө ТЭЦтин башкы инженери Электр станциялар борборунан буйрук келмейин иштете албастыгын журналисттерге айтып жатып, экинчи блоктон чыккан энергия кымбат турарын, ал энергияны шаардыктар төлөй албастыгын айтты. Демек, Сапар Исаков, Айбек Калиев элден элдин акчасын аяп төрт күн бою тоңдуруп отурганбы?

Баса, ТЭЦтеги экинчи блокту иштетүүнү Сапар Исаков, Айбек Калиев эмес «Кактус Медианын» журналисттери бергенин жамы журт көрдү. Ошондуктан шаардыктар үйүнө берилген жылуулук үчүн Сапар Исаковго эмес Диля Юсуповага рахмат айтыш керек.

Төмөндө «Кактус медианын» журналисттери ТЭЦтеги экинчи блок эмнеге иштке берилген жок деп ТЭЦтин директору Нурлан Өмүркул уулун такалап жаткан видео.

Количество просмотров: 33