• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ТЭЦтин директору Сапар Исаковдун сөзүн жокко чыгарды

16 Бирдин айы 2018 10:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.02.2018.Govori.TV
Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтеген депутаттык комиссия учурда ЖЭБде көчмө жыйын өткөрүп, текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бишкек ЖЭБинин жаңы директору Андрей Воропаев ЖЭБдеги авария боюнча өкмөт буга чейин айтып келген авариянын себебин жокко чыгарды.
Андрей Воропаевдин айтуусунда насос иштеп эле жаткан. Иштөөдөн насоско чейинки фильтрге акыр-чикир толуп калып иштен чыккан. Буга чейин өкмөт башчы Сапар Исаков ЖЭБдеги аварияга насоско кир толуп калышынан болгондугун айткан.
Ошондой эле Бишкек ЖЭБдин директору Андрей Воропаев авария техникалык кызматкерлер күнөөлүү экенин айтты.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБи жылуулук берүүсүн токтотуп, шаардыктар 4 күн бою муздак үйлөрдө күн кечиришкен. Жагдайды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.
Количество просмотров: 24