• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Тебетей кийгизип, чепкен жаап… Акжол менен Жоламанды тосуп алган учурдагы видео

26 Аяк оона 2023 11:16 Бишкек Govori.TV

«Манас» эл аралык аэропортунда Кыргызстандын эркектер арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондорун тосуп алуу аземи

Балбандарды жана алардын машыктыруучуларын аэропорттон КР Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын жетекчиси Айбек Жунушалиев, КР Жогорку Кенештин депутаттары, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана спортчулардын күйөрмандары, туугандары, ЖМК өкүлдөрү тосуп алышты.

16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта, Жоламан Шаршенбеков күрөштүн ушул эле түрүнөн 60 кг салмак ченинде, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта алтын медал алды. Балбандар муну менен кошо 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага жолдомо алышты.

Мындан тышкары Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш алып, Олимпиадага лицензия утту. Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) эркин күрөштөн коло тагынды.

Белгилей кетсек, Дүйнө чемпионатында спортчулар Кыргызстандын куржунуна үч алтын, бир күмүш жана бир коло алып келишти. Мелдешке 30 мамлекеттин балбандары катышты.

Количество просмотров: 730