Тегеранда кулаган украиналык авиалайнер “жер-аба” классындагы иран ракетасы менен атып түшүрүлгөнү тууралуу көз карандысыз булактардан алынган маалымат бар. Бул тууралуу Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо билдирди.
Трюдонун айтымында, авиалайнер кокустан атып түшүрүлгөн болушу ыктымал.
Белгилей кетсек, буга чейин америкалык басылмалар АКШ өкмөтүндөгү көз карандысыз булактарга таянуу менен учак иран ракетасы тарабынан жаңылыштык менен атып түшүрүлгөнүн жазышкан. Өз кезегинде Иран жарандык авиациясы бул маалыматты “абсурд” деп атаган.
Эске салсак, «Украинанын эл аралык аба жолдору” компаниясына таандык учак 8-январда таңга маал Ирандын борбору Тегерандан Киевди көздөй учуп чыгары менен эле кырсыкка кабылган. Борттогу 176 кишинин баары мерт болгон.