• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Техника бузулат да, адам деле өлүп жатпайбы». Шайлоонун таза өткөнүн айткан Иманкулов убакыт берүүнү суранды

1 Бештин айы 2021 18:03 Бишкек Govori.TV

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов шайлоону таза өттү деп толук айта алаарын билдирди. Бул тууралуу ал шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партия өкүлдөрү менен БШКнын жолугушуусунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Анын айтымында, добуштарды кол менен саноо бүткөн соң гана кандайдыр бир мыйзамсыз иштер болгон же болбогонун көрө алабыз.

«Кандайдыр бир мыйзам бузуулар тууралуу арыздар, даттануулар болсо мунун баарын акыркы жыйынтыкты колго алган соң гана териштирсек болот. Ошондуктан убакыт гана керек, күтүп туралы. Расмий жыйынтыктарды күтөлү. Эми техника деген бузулат, сынат экен, адам деле өлүп жатпайбы… Бирок болгон мүчүлүштүк шайлоонун жыйынтыгына таасир этпегенин адистер айтышууда. Баардык жыйынтыктарды алгыча күтө туруу керек. Айтылып жаткан «жыйынтыкты бурмалоо» сыяктуу эч бир туура эмес иш болгон эмес», — деди Иманкулов.

Ал кошумчалагандай, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар менен бир бүтүмгө келсе болот.

«Бизде шайлоонун жыйынтыгын «бурмалоо» аракети болгон эмес, жада калса бул тууралуу ой да жок болчу. Ошондуктан биз 30 жылдан бери болуп келген өнөкөттү токтотуп, таза шайлоо өткөрөлү деген ой менен чыкканбыз. Баарыбыз Кыргызстандын жарандарыбыз, жана өлкөбүздүн келечеги баарыбыз үчүн маанилүү болуусу керкек», — деди ал.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Шайлоо күнү добуш берүү аягына чыккан учурда БШКнын Маалыматтык шайлоо системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун өкүлдөрү муну «көз боёмочулук» деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров, Борбордук шайлоо комиссиясы жана Улуттук коопсуздук комитет система техникалык адистердин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат.

Количество просмотров: 125