• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Текебаев акталдыбы?

13 Чын куран 2021 15:14 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун кылмышка тиешеси жок деген негизде буга чейин койгон доосунан баш тартты. Бул тууралуу саясатчынын адвокаты Чынара Жакыпбекова билдирди.

«Биз сотко Текебаевди актоону жана мандатын кайтарып берүү өтүнүчүн келтирдик. Азыр сот чечимин күтүп жатабыз», — деди Жакыпбекова.

Белгилей кетсек, ушу тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча прокуратуранын доо арызын карап жатат. Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы «Мегаком» иши» боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде айыпталып камалып, ар бири 8 жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Ишти кайра кароого райондук сотко жиберген. Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 108