• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Текебаев: Бүгүнкү бийлик менен макул эмес жактарыбыз көп

13 Чын куран 2021 18:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү бийлик менен макул эмес жактарыбыз көп. Мындай пикирин саясатчы Өмүрбек Текебаев бүгүн, 13-апрелде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында,

«7-апрелде биз өзүбүздүн идеологиялык альтернатива экенибизди жарыялаганбыз. Бүгүнкү бийлик менен консептуалдуу макул эмес учурларыбыз абдан көп. Муну кыргыздар «кайнаса каны кошулбайт» деп айтат. Бирок өлкөбүз бир, элибиз, тагдырыбыз бир. Бирок тактикалык маселелерде туура ишти колдоп турабыз»,-деди Текебаев.

Белгилей кетсек, 13-апрелде Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап актады.

Количество просмотров: 843