• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Текебаев: Башкы прокуратуранын чечими күтүүсүз болду

13 Чын куран 2021 16:15 Бишкек Govori.TV

Ушу тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча прокуратуранын доо арызын карап жатат. Анда саясатчы журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анын айтымында, Башкы прокуратуранын чечими күтүүсүз болгон.

«Прокурорлордун айыптоодон баш тартуусу мен үчүн абдан күтүүсүз болду. 4 жылдан бери алардын иш алып баруу стили менен мүнөзүн билип калгам. Прокуратура репрессиялык орган. Ал өзүнүкү туура эмес болсо деле соттоп бер деп көгөрүп өз позициясында тура берет. Бирок мен ойлойм бул күч прокурордун гана жеке чечими эмес, жалпы эле прокуратурада жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө байланыштуу болсо керек»,-деди Текебаев.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы «Мегаком» иши» боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде айыпталып камалып, ар бири 8 жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Ишти кайра кароого райондук сотко жиберген. Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 1476